Кыргызстандагы Visa карталары | Visa
Кыргызстандагы бардык Visa карталары
Visa'да ар кандай муктаждыктарга жана максаттарга ылайыктуу ар кандай карталарды табасыз. Ар бир картанын категориясы жана андагы жеткиликтүү кызматтар жана сунуштар жөнүндө көбүрөөк билип алыңыз.
Visa Classic
Visa Classic картасы — бул дүйнө жүзү боюнча тез, ыңгайлуу, коопсуз төлөмдөр жана биздин өнөктөштөрүбүздөн жагымдуу бонустар
Visa Gold
Visa Gold картасы сиз үчүн өнөктөштөрдөн бир топ түрдүү пайдаларды жана сунуштарды ачат
Visa премиум карталары
Сиз үчүн Visa премиум карталарынын үч категориясы жеткиликтүү — Visa Platinum, Visa Signature, Visa Infinite
Visa Platinum
Visa Platinum картасы сиз үчүн премиум артыкчылыктарга толгон дүйнөнү ачат. Саякат, шопинг жана башкалар мурункудан дагы жагымдуу болот
Visa Signature
Visa Signature премиум картасы сиздин ыңгайлуулугуңуз үчүн өзүнө дагы да көбүрөөк артыкчылыктарды жана эксклюзивдүү сунуштарды чогултту
Visa Infinite
Каерде болбоңуз, төлөмдөрдү мурдагыдан да жеңил жана көбүрөөк пайда алып келчү өзгөчө мүмкүнчүлүктөр жана тажрыйбалар
Карталардын артыкчылыктарын салыштыруу
Саякаттоодогу сунуштар
| Visa Classic | Visa Gold | Visa Platinum | Visa Signature | Visa Infinite | |
|---|---|---|---|---|---|
| Visa кардарларды колдоонун эл аралык кызматы | + | + | + | + | + |
| SIXT. Ижарага унаа алууга -15% чейин | n/a | + | + | + | + |
| Камсыздандыруу. Саякаттоо учурунда толук эл аралык камсыздандыруу | n/a | n/a | + | + | + |
| Agoda. Турак жайды ижарага алууга -12% чейин | n/a | + | + | + | + |
| Booking.com. Сайтында 4% чейин кешбэк | + | + | + | + | + |
| Visa Luxury Hotel Collection. Отелдерде эксклюзивдүү кызмат | n/a | n/a | + | + | + |
| AVIS. Унааларды ижарага алууга -35% чейин | n/a | + | + | + | + |
| AirAlo. Акысыз 3 GB роуминг | n/a | n/a | + | + | + |
Аэропорттогу артыкчылыктар
| Visa Classic | Visa Gold | Visa Platinum | Visa Signature | Visa Infinite | |
|---|---|---|---|---|---|
| Жүктөрдү акысыз таңгактоо (Астана) | n/a | n/a | Жылына 2 жолу | Жылына 4 жолу | Жылына 6 жолу |
| Жүктөрдү акысыз таңгактоо (Алматы) | n/a | n/a | Жылына 2 жолу | Жылына 4 жолу | Жылына 6 жолу |
| DragonPass. Дүйнө жүзү боюнча DragonPass программасы боюнча бизнес-залдарга акысыз кирүү | n/a | n/a | Жылына 2 жолу | Жылына 4 жолу | Жылына 6 жолу |
| Аэропорттордогу Fast Track | n/a | n/a | n/a | n/a | n/a |
| Беларусь | n/a | n/a | Жылына 2 жолу | Жылына 10 жолу | ∞ |
| Түркия жана Европа | n/a | n/a | Жылына 2 жолу | Жылына 10 жолу | ∞ |
| yQ Meet and Assist. yQ Meet and Assist кызматы менен аэропорттордо коштоо | n/a | n/a | -15% | -20% | -25% |
Visa картаңызды Кыргызстанда тариздөө үчүн өнөктөш-банктарыбыздын бирине кайрылыңыз:
Көп берилүүчү суроолор
Көбүрөөк билгиңиз келеби? Жоопту көрүү үчүн суроону басыңыз
Кыргызстанда Visa кредиттик карталарынын кайсы түрлөрү жеткиликтүү?
Кыргызстанда Visa Classic, Visa Gold, Visa Platinum жана Visa Infinite карталары жеткиликтүү.
Ылайыктуу Visa кредиттик картасын кантип тандоо керек?
Ар бир Visa картасы ээлеринин ар кандай максаттарын жана муктаждыктарын канааттандыруу үчүн бир катар артыкчылыктарга жана мүмкүнчүлүктөргө ээ. Сизге бир топ ылайыктуу вариантын тандоо үчүн бул беттин жогору жагындагы салыштырма таблицадан ар бири карта жана ал боюнча жеткиликтүү болгон кызматтар жана сунуштар жөнүндө көбүрөөк маалымат алыңыз.
Visa кредиттик картамды кайсыл жерде колдоно алам?
Дүйнө жүзү боюнча ондогон миллион түйүндөр – дүкөндөр, май куюучу жайлар, супермаркеттер, жеткирүү кызматтары, мекемелер жана башкалар Visa карталарын кабыл алышат. Сиз Visa карталары менен терминалы бар офлайн түйүндөрдө эсептеше аласыз, ошондой эле Интернетте сатып алуулар, буйрутмалар же эсептер үчүн төлөй аласыз. Мындан тышкары, контактсыз төлөмдөр үчүн терминалдар бар болсо, сиз Visa физикалык карталары менен да, телефон же смарт-саат менен да эсептеше аласыз.
Visa'да бонустар жана арзандатуулар менен кредиттик карталар барбы?
Visa карталары ыңгайлуу төлөмдөргө гана эмес, дүйнө жүзү боюнча өнөктөштөрдүн ар түрдүү акцияларына жана сунуштарына, анын ичинде саякаттар, дүкөндөр, көңүл ачуучу жайлар жана башкаларга мүмкүндүк берет. Өнөктөштөрдүн жеткиликтүү сунуштары жана арзандатуулары жөнүндө кеңири маалыматты « Кыргызстандагы акциялар» бөлүмүнөн алыңыз. Ошондой эле, Visa карта ээлерине банктардын атайын сунуштары колдонулушу мүмкүн, чоо-жайын тактоо үчүн Visa картаңыз ачылган банкка кайрылышыңыз керек болот.
Кредиттик картам боюнча суроолорум бар болсо, Visa менен кантип байланышсам болот?
Эгер сизде Visa картасыңызды тейлөө боюнча суроолоруңуз болсо, анда Visa картаңызды ачкан эмиттен-банкка кайрылышыңыз керек.
Эгерде сизде Visa кредиттик картасын ачуу боюнча суроолоруңуз болсо, сизди кызыктырган картанын баракчасында Visa карталарын чыгарган банктардын тизмесин карап чыгып, картаны ачкыңыз келген банкка кайрылыңыз.
Эгерде сиз өнөктөштөрдүн акциялары жана арзандатуулары же Visa кызматтары жана өнүмдөрү боюнча консультация алгыңыз келсе, анда VisaConcierge чат-боту аркылуу Support 360 кайрылуулар жана колдоо платформасынын менеджерлери менен байланышыңыз.