Жакындарыңыздын Visa картасына чет өлкөгө акча которуу | Visa
Жакындарыңыздын Visa картасына чет өлкөгө акча которуу
Бул кандай кызмат?
Visa карталарына тез акча которуу кызматы заматта акча которууга жана төлөмдөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берет
Кантип колдонуу керек?
1-кадам: Картанын 16 санын билиңиз
Картага акча которуу үчүн болгону ушул кадамды аткаруу жетиштүү. Номерди жакындарыңыз жана досторуңуз менен ойлонбой бөлүшсөңүз болот – бул коопсуз.
! Акча которуу үчүн картанын номерин бөлүшүп жатканда эч качан PIN-кодду, картанын жарактуулук мөөнөтүн, CVV2-кодду жакындан тааныган адамдарыңызга да айтпаңыз.
2-кадам: Акча которуу ыкмасын тандаңыз
Visa карталарга тиз акча которуу кызматынан пайдалануунун көптөгөн жолдору бар.
3-кадам: Акча которууну жүргүзүңүз
Акча картага дээрлик заматта түшөт.
Бүгүнкү күндө көпчүлүк банктар Visa төлөм тутумунун ичинде акчаны дээрлик заматта которууга мүмкүндүк берет. Эгер акчанын тез келиши сиз үчүн маанилүү болсо жана Visa карталарга тез акча которуу кызматы менен жөнөтө турган болсоңуз, банкыңыздан акчанын канчалык тез келерин тактап алыңыз.
Жалпы суроолор
Visa карталарга тез акча которуу деген эмне?
Карталарга тез акча которуу – бул кызматтарды, насыяларды оңой жана тез төлөөгө жана Visa карта ээлери кайда болбосун, акча которууга жардам берген кызмат. Акча которуу үчүн алуучунун Visa картасынын 16 сандуу номерин билүү жетиштүү. Сиз акчаны банкомат, мобилдик телефон менен, Интернет же терминал аркылуу жиберсеңиз болот.
Visa карталарга тез акча которуу кызматын колдонуу үчүн комиссия алынабы?
Банктар акча которуу комиссиясын өздөрү каалагандай белгилешет. Комиссиялар жөнүндө толук маалыматты банктын сайтындагы жеке кабинеттен издеңиз.
Акча которуунун лимити барбы?
Кызматты колдонуу шарттарында белгилендей, транзакция 30 мүнөттөн ашык убакытты талап кылбайт, бирок акча көбүнчө алуучунун эсебине бир нече секундда түшөт.
Акчаны кайсы валютада которууга болот?
Акчаны каалаган валютада которууга болот. Visa картага акча которууда сумма автоматтык түрдө сиз которуп жаткан картанын валютасында эсепке келип түшөт.
Башка өлкөлөрдөн акча которууга болобу?
Visa карталарга тез акча которуу кызматы дүйнөнүн 20дан ашуун өлкөсүндө жеткиликтүү. Кайсы өлкөдө болбосун, каалаган өлкөгө акча которо аласыз*.
- Чектөөлөр бар. Сураныч, маалыматты банктан тактап алыңыз.
Башка банктардын кардарларына акча которууга болобу?
Эгерде сиздин банкыңыз Visa карталарга тез акча которуу кызматын көрсөткөн болсо, анда сиз башка Visa карта ээлерине, алардын карталары кайсы банкта берилгенине карабастан, эркин акча которсоңуз болот.
Банкымдын сайтынан Visa карталарга тез акча которуу бөлүмүн таба албай жатам, эмне кылуу керек?
Банкыңыз азырынча бул кызматты колдобошу мүмкүн. Башка банктардын кардарларына акча которууга болобу же сайтына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүгө үлгүрө элекпи? Маалыматты «акча которуулар» менюсунан текшерип көрүңүз. Ошондой эле, сиз өзүңүздүн Visa картаңыздан ушул кызматты көрсөткөн башка банктар аркылуу акча которсоңуз болот.
Visa картасынан башка төлөм тутумунун картасына акча которууга болобу?
Visa карталарга тез акча которуу кызматы сизге Visa картадан Visa картага гана акча которууга мүмкүндүк берет. Айрым банктар ар кандай төлөм тутумдарынын карталарынын ортосунда акча которуу кызматын көрсөтүшөт. Толук маалыматты банкыңыздын сайтынан таба аласыз.
Комиссиянын өлчөмү акча которулуп жаткан өлкөдөн көз карандыбы?
Ар бир конкреттүү учурда комиссиянын өлчөмүн акча которуу кызматын көрсөткөн банк белгилейт. Комиссия тууралуу толук маалыматты банкыңыздын сайтынан таба аласыз.
Менин банкым Visa карталарга тез акча которуу тутумун колдой тургандыгын кантип билүүгө болот?
Бул маалыматты банкыңыздын сайтынан издөө керек.
Visa карталарга тез акча которуу үчүн банктын жакынкы бөлүмүн кантип табууга болот?
Visa карталарга тез акча которуу кызматынан он-лайн же жакынкы төлөм терминалы аркылуу пайдаланыңыз.
Акча которуунун суммасы эсептен эки жолу чыгарылышы мүмкүнбү?
Картадан сумманы эсептен чыгарууга чейин сизден которуунун тууралыгын тастыктоо суралат. Тастыкталмайынча эсептен чыгаруу мүмкүн эмес.
Мен акчаны чегердим, бирок ал алуучунун эсебине түшкөн жок, көйгөй эмнеде?
Акча которуунун абалын билүү үчүн Visa карталарга тез акча которуу кызматын көрсөткөн операторго кайрылыңыз.
Акча которуу үчүн кандай реквизиттерди билүү керек?
Акча которуу үчүн алуучунун Visa картасынын 16 сандуу номерин билүү жетиштүү.
Visa картаны кантип ачууга болот?
Visa картаны алуу үчүн банктын каалаган бөлүмүнө тиешелүү арызды беришиңиз керек жана өздүгүн тастыктаган документ жаныңызда болсун.
Коопсуздук
Visa карталарга тез акча которуу кызматы менен акча которуу коопсузбу?
Visa картаңыздагы бардык операцияларды ишенимдүү коргоону камсыз кылат, алдамчылыкка жол бербөө үчүн берилип жаткан маалыматты ар убак көзömөлдöйт жана шифрлейт.
Картанын номерин башка адам менен бөлүшүүгө болобу?
Visa картаңыздын номерин Visa карталарга тез акча которуу кызматы аркылуу акча которууда бөлүшүү толугу менен коопсуз. Бирок, эч кандай шартта, картаңыздын башка маалыматтарын бөлүшпөңүз, мисалы: PIN-кодду жана CVV/CVC2, анткени бул маалыматтар сиздин жеке эсебиңизге кирүүгө жетки берип, акчаны чыгарып алууга же которууга мүмкүндүк берет.
Картанын кайсы маалыматтарын эч качан башкалар менен бөлүшпөө керек?
Эч качан жана эч кимге Visa картаңыздын PIN-кодун жана CVV/CVC2син айтпаңыз, анткени бул маалыматтар сиздин жеке эсебиңизге кирүүгө жетки берип, акчаны чыгарып алууга же которууга мүмкүндүк берет.
Мен алуучунун карта номерин туура эмес көрсөттүм, эмне кылуу керек?
Эгерде сиз карта номеринин 16 санын терип жатып кокусунан ката кетирген болсоңуз, анда акча которулбайт, анткени мындай номердеги карта жок. Ар бир картанын номери катаны аныктоого жардам берген кошумча санды камтыйт.
Акча каражаттарын которуу үчүн АТМ же POSко PIN-кодду киргизүү керекпи?
Эгер сиз Visa картасынан акча которуп жатсаңыз, анда PIN-кодду сумма эсептен чыгарылганга чейин киргизишиңиз керек. Интернет-банк аркылуу которууда VbV сырсөзүн же интернет-банктын логини менен сырсөзүн теришиңиз керек.
Которуу ыкмалары
Банкомат аркылуу кантип акча которууга болот?
- Банкоматтын менюсуна кириңиз.
- «Visa картага акча которуу» кызматын тандаңыз.
- Картаны салып, PIN-кодду териңиз.
- Алуучунун карта номерин киргизиңиз.
- Visa картаңыздан жөнөткүңүз келген сумманы киргизиңиз.
- Алуучунун Visa картасынын номерин, которуу суммасын, комиссиянын өлчөмүн текшерип, которууну ырастаңыз.
Эгерде банкоматта купюра кабыл алгыч болсо, картага накталай акча которууга болот:
- Банкоматтын менюсуна кириңиз.
- «Visa картага акча которуу» кызматын тандаңыз.
- Алуучунун карта номерин киргизиңиз. Купюраларды купюра кабыл алгычка салыңыз.
- Алуучунун Visa картасынын номерин, которуу суммасын, комиссиянын өлчөмүн текшерип, которууну ырастаңыз.
Чекене соода тармагы аркылуу кантип акча которууга болот?
- Visa карталарга тез акча которуу кызматын сунуштаган соода түйүнүн тандаңыз.
- Кассирге Visa карталарга тез акча которуу кызматынан пайдалангыңыз келгенин билдириңиз.
- Кассирге алуучунун Visa картасынын номерин айтыңыз.
- Кассирге атын жана дарегин бериңиз (КМШ жана башка өлкөлөргө которуулар үчүн).
- Кассир алуучунун карта номерин туура киргизгендигин текшерип, комиссиянын өлчөмүн тактаңыз.
- Кассирге которуу үчүн сумманы бериңиз.
Алуучунын Visa картасына акча которуу үчүн бир нече секунддан тартып 2 банк күнүнө чейинки убакыт талап кылынат
Мобилдик телефон аркылуу кантип акча которууга болот?
- Телефонуңуздан банктын колдонмосун же «Электрондук капчыкты» ачыңыз.
- Visa карталарга тез акча которуу кызматын тандаңыз.
- Каражат булагын тандаңыз.
- Алуучунун Visa картасынын номерин киргизиңиз. Которгуңуз келген сумманы киргизиңиз.
- Алуучунун Visa картасынын номерин, которуу суммасын, комиссиянын өлчөмүн текшерип, которууну ырастаңыз.