Google Pay. Кредиттик жана дебеттик карта менен төлөөгө арналган колдонмо. | Visa

Visa жана Google Pay менен байланышсыз төлөмдөр тез жана коопсуз

Бул эмне жана кантип иштейт?

Google Pay™ – Бул дүкөндөрдө жана колдонмолордо Visa картасы менен сатып алууларды төлөөнүн тез жана ыңгайлуу жолу. Сиз Visa карталары менен камсыз кылган баардык артыкчылыктарды жана коопсуздукту пайдалана бересиз.

Бул кантип иштейт?

  1. Google Pay’ге Visa картасын кошуӊуз.
  2. Сатып алууларды смартфон менен контактсыз төлөмдөрдү кабыл алган жерде төлөӊүз (карта менен сиз төлөй турган баардык жерде).
  3. Картанын маалыматтары Visa токенизациялоо технологиясынын менен корголгон бойдон калат.

Google Pay колдонмосун орнотуу


Кызматтын артыкчылыктары

Тез

Сатып алууларды секунданын ичинде төлөңүз  – смартфонуңузду терминалга жакындатыңыз, төлөм дароо ишке ашат.

Ыӊгайлуу

Дүкөндөрдө, ресторандарда, транспортто жана контактсыз төлөмдөрдү кабыл алган башка жерлерде Google Pay’ди пайдаланыңыз.

Коопсуз

Сиздин төлөм маалыматтарыңыз корголгон: картанын номеринин ордуна виртуалдык токен берилет, ал эми төлөмдөргө жетүү түзүлүштүн кулпусун ачкандан кийин гана мүмкүн болот.


Смартфондо картаны Google Pay менен кантип туташтырууга болот?

Google Pay колдонмосун жүктөп алыӊыз

Google Pay колдонмосун орнотуп, «Баштоо» баскычын басыңыз, андан кийин «Жаңы төлөм ыкмасын кошуу» тандап, «Насыялык же дебет картасы» тандаңыз.

Visa картасын кошуӊуз

Эгер сиздин Google каттоо эсебиңизде карта болсо, аны тандаңыз. Эгер жок болсо, карта номерин, ээсинин аты-жөнүн, жарактуу мөөнөтүн, CVV/CVC жана дарегин көрсөтүү менен жаңы кошуңуз.

Картаӊызды ырастаӊыз

Шарттарды окуп, «Шарттарды кабыл алуу жана улантуу» баскычын басыңыз. Картаңызды бир жолку СМС коду менен ырастаңыз.

NFC активдештириӊиз

Контактсыз төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн NFC күйгүзүӊүз. Терминалга кулпусу ачылган смартфонду жакындатыӊыз, төлөм дароо ишке ашат!


Өнөктөш банктар

01/04/2025

01/04/2025

31/01/2025

01/04/2025

01/04/2025

31/01/2025

01/04/2025

01/04/2025


Суроолор жана жооптор

Google Pay деген эмне?

Google Pay –  бул смартфон, планшет же саат аркылуу сатып алууларды төлөөнүн ыңгайлуу жолу. Бул Android Pay ордун алмаштырат жана дүкөндөрдө, колдонмолордо жана сайттарда тез жана коопсуз төлөөгө мүмкүндүк берет.

Эмне үчүн Google Pay? Android Pay менен эмне болду?

Android Pay жөн гана атын өзгөртүп, Google Pay болуп калды. Баардык функциялар калды, бирок азыр кызмат дагы ыңгайлуу иштейт жана төлөө үчүн көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү берет.

Google Pay кайда колдонсом болот?

Кантип Android Pay’ди Google Pay’ге жаӊыртса болот?

Сизге эч нерсе кылуунун кажети жок! Эгер сиз буга чейин Android Pay колдонмосун орноткон болсоңуз, анда ал Google Pay үчүн автоматтык түрдө жаңыртылат. Эгерде сизде ал жок болсо, жөн гана Google Play'ден Google Pay'ди жүктөп алыңыз.

Google Pay жөнүндө кайдан көбүрөөк маалымат биле алам?

Расмий булактар:

Google блогу – жаңылыктар жана жаңыртуулар.

Маалымат борбору –  популярдуу суроолорго жооптор.