Транспортто Visa карталары менен төлөңүз | Visa

Транспортто Visa карталары менен төлөңүз

Коомдук транспортто жол кирени Visa карталары менен тез, оңой жана ыңгайлуу төлөңүз

Физикалык же смартфондогу же акылдуу сааттагы санарип Visa картаңызды транспорттогу атайын валидаторлорго коюңуз, андан соң валидатордогу ийгиликтүү төлөмдүн ырасталышын күтүңүз, анан бүттү!

Visa карталары менен транспорттогу контактсыз төлөмдөрдүн артыкчылыктары

Тез

Жол кирени төлөө үчүн физикалык же санарип Visa картасын валидаторго коюу жетиштүү

Ыңгайлуу

Кечинде эртеңкиге майда акча даярдоонун, кайтарым акча болобу деп тынчсыздануунун же кымгуут саатта бүт автобус аркылуу акчаны өткөрүп берүүнүн кажети жок

Коопсуз

Visa берилген маалыматка үзгүлтүксүз көз салуу жана шифрлөө аркылуу картаңыздагы бардык операциялардын корголушун камсыз кылат

Visa карталары менен кайсы жерлерде төлөсө болот

Бишкек шаарынын тургундары контактсыз төлөмдөрдү кабыл алган, Тулпар валидаторлору орнотулган бардык троллейбустарда жана муниципалдык автобустарда Visa карталары менен жол киресин төлөй алышат.

Жол кирени контактсыз төлөө үчүн физикалык же смартфондогу же акылдуу сааттагы санарип Visa картаңызды валидаторго коюп, экрандан ийгиликтүү төлөмдүн ырасталышын күтүү керек.

Төлөмдү ырастоо жөнүндө билдирүү картаңыздын эмитент-банкынын мобилдик тиркемесине же SMS-билдирүү аркылуу келет, эгер бул опция Visa картаңыздын эмитент-банкында иштетилген болсо.

Контактсыз технологиялар жана Visa картаңызды смартфонго же акылдуу саатка кантип байланыштыруу керектиги жөнүндө кененирээк билип алыңыз

Google Pay

Garmin Pay

Көп берилүүчү суроолор

Көбүрөөк билүүнү каалайсызбы? Жоопту көрүү үчүн суроону басыңыз

Кайсы жерлерде контактсыз төлөй алам?

Окугуч түзмөктөрдө контактсыз төлөмдөрдүн символунун сүрөтү бар бардык соода түйүндөрүндө.

Контактсыз төлөө учурунда менин маалыматтарым коопсуз болобу?

Контактсыз транзакциялар магниттүү тасмалар аркылуу өтүүчү транзакциялар сыяктуу эле ишенимдүү жана ошол эле ишенимдүү төлөм тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Ошондой эле, сиз контактсыз төлөм операциялары учурунда төлөм түзмөгүн көзөмөлдөгөндүктөн, алдамчылык коркунучу азаят.

Контактсыз технологияны колдонуу үчүн комиссия алынабы?

Карта ээлеринен комиссиялык төлөмдөр алынбайт.

Менин картам же контактсыз технологиялуу гаджетим капчыгыма же чөнтөгүмө салынган болсо, кокустан окулуп калышы мүмкүнбү?

Төлөмдү авторизациялоо үчүн картаны, смартфонду, саатты же стикерди контактсыз төлөмдөрдү кабыл алган окугуч түзмөккө 3-5 см аралыкта алып келип жана транзакцияны жүргүзүү үчүн туура жайгаштырышыңыз керек (стикерден тышкары). Ыйгарым укуктуу соода түйүндөрүнүн окугуч түзмөктөрү гана Visa контактсыз карталарынын маалыматын иштете алышат.

Менин контактсыз Visa картам же гаджетим жоголуп же уурдалган болсо, мен канчалык деңгээлде корголом?

Контактсыз Visa карталары ээлерине стандарттык Visa карталарына берилгендей эле коргоону камсыз кылат. Сиздин картаңыз/гаджетиңиз жоголуп же уурдалган учурда, Visa эл аралык кардарларды колдоо кызматынын өкүлдөрү эсебиңизди бөгөттөп, картаны алмаштырып же шашылыш түрдө накталай акчанын берилишин камсыздай алышат. +1-303-967-1096 (эл аралык чалуулар) териңиз же сиз турган өлкөдө номердин жеткиликтүүлүгүн текшериңиз.

Контактсыз төлөм картасы – бул чиби бар картабы?

Бул картанын чиби бар технологиясынын бир түрү. Картада контактсыз транзакцияларды жүргүзүү үчүн пластик картага орнотулуучу өркүндөтүлгөн компьютердик чип колдонулат.

Контактсыз транзакцияны жүргүзүү мүмкүн болбосо, эмне кылуу керек?

Ал соода түйүнү Visa контактсыз төлөмдөрүн кабыл аларын текшериңиз. Төлөм терминалында атайын символ болушу керек. Эгерде соода түйүнү Visa контактсыз төлөмдөрүн кабыл алып, бирок транзакция ишке ашпай калса, Visa карта ээлери терминал аркылуу карта өткөрүү функциясынан пайдалана алышат, анткени карта салттуу төлөкдөр үчүн магниттүү тасма менен жабдылган.