Visa Консьерж | Visa

Visa Консьерж

Тапшырмаларды аткарат, каалоолорду орундатат

Кандай гана* тапшырмаңыз болбосун – айтып эле коюңуз

Ресторанда столду ээлеп койгуңуз келеби же узун кызыл көйнөккө буюртма береспи?

Консьерж кызматы сизге каалаган нерсени уюштуруп, таап жана жеткирип берет.

Visa консьерж кызматы эмне кыла алат?

Оюңузга келген нерсенин баарын – таңкы үчтө көйнөк же Котордогу супермаркет.

Visa консьерж кызматы сизге каалаган нерсени уюштуруп, таап жана жеткирип берет.

БААРЫН*

*Мыйзамсыз жана бейадеп өтүнүчтөрдөн тышкары

Visa Консьерж

Керектүү маалыматты таап берет:

Күнүмдүк маселелерге жардам берет:

Өргүүнү уюштурат:

Биз кантип иштейбиз

Сизди күнү-түнү тейлейбиз

Премиум карта ээлерине акысыз кызмат көрсөтөбүз

6 тилде сүйлөйбүз

Сизге мессенжер жана телефон аркылуу жооп беребиз

Биз жашоону жеңилдетебиз

2022-жылы биз көп адамдар үчүн көп нерсе жасадык

1000

жолу ойготкуч болдук

8000

столду ээлеп койдук

700

сүйүктүүлөрдү грумерге жаздырдык

800

өргүүнү пландаштырдык

9000

авиабилеттерди сатып алдык

>5000

tuулган күндү эскерттик, такси чакырдык, жеткирүүгө буйрутма бердик

Консьерж Visa Platinum, Visa Signature жана Visa Infinite карта ээлерине кызмат көрсөтөт

Visa Platinum

Visa Signature

Visa Infinite

Суроолор жана жооптор

Консьерж кызматынын иштөө графиги кандай?

Биз жумасына 7 күн, 24 саат бою байланыштабыз.

Сиздер Кыргызстанда гана иштейсиздерби?

Кызматтан дүйнөнүн каалаган жеринде пайдалана аласыз.

Консьерж кызматы кандай кызматтарды камтыйт?

  1. Маалыматтык-консультативдик сурамдар:
    • Учактардын, поезддердин, автобустардын ырааттамасы.
    • Борборлор, медициналык мекемелер жөнүндө сурап-билүү маалыматы.
    • Валюталар курсу, банкоматтар, банктын бөлүмдөрү.
    • Мамлекеттик жана медициналык мекемелер ж.б. жөнүндө сурап-билүү маалыматы.
    • Каалаган мекеменин байланыш маалыматы.
    • Ар кандай маалымдама-маалыматтык сурамдар.

*Варианттарды тандоо жана алардын ар бирин актуалдаштыруу: сүйлөшүү/э-мейл/чат-бот режиминде. 2. Visa карта ээлеринин артыкчылыктары жөнүндө сурап-билүү маалыматы:

  1. Уюштуруу сурамдары:
    • Дүйнө жүзү боюнча ээлемдөө, буйрутма берүү жана сатып алуу:
      • Кинотеатрларга, түнкү клубдарга, театрларга, ошондой эле концерттерге, спорттук иш-чараларга билеттер.
      • Ресторандарда стол ээлеп коюу.
      • Гүлдөргө буйрутма берүү жана жеткирүү.
      • Билеттерди сатып алууну уюштуруу/катышууну камсыз кылуу/каалаган иш-чарага каттоо жүргүзүү: концерттерге, тренингдерге, мода көргөзмөлөрүнө, спорттук мелдештерге ж.б.
      • Тамак-аш азыктарына жана суусундуктарга буйрутма берүү.
      • Карта ээсинин атынан товарларга жана кызматтарга буйрутмаларды жүргүзүү. Эскертүү кызматтары: бардык маанилүү иш-чаралар жөнүндө жекелештирилген эскертүү: Туулган күн, чогулуштар, спорттук иш-чаралар, дарыгерлерге баруу, суу, кеңсе буюмдарын жеткирүү ж.б.
      • «Ойготкуч» кызматы.
  2. Саякаттар:
    • Бүткүл дүйнө жүзү боюнча атайын/жекелештирилген турларды жана/же туристтик багыттарды жана башка туристтик кызматтарды уюштуруу жана/же иштеп чыгуу.
    • Авиа жана темир жол билеттерин ээлемдөө жана жеткирүү.
    • Дүйнө жүзү боюнча отель бөлмөлөрүнө/жатакана варианттарына буйрутма берүү жана ээлемдөө.
    • Саякаттар жөнүндө кеңештер.
    • Трансферлерди уюштуруу.
    • Дүйнөнүн каалаган жеринде туристтик багыттарды иштеп чыгуу.
    • Туристтик камсыздандыруу полисин тариздөө.
    • Унааны ижарага алуу.
    • Гид-экскурсовод кызматтарына буйрутма берүү.
    • Жүк жоголгон учурда жардам берүү жана издөө процессине толугу менен колдоо көрсөтүү.
    • Авиарейстин кечиктирилгени/жокко чыгарылганы үчүн компенсациялоо маселесин чечүүгө жардам берүү.
  3. Турмуштук мүнөздөгү сурамдар:
    • Үй кызматкерлерин тандап алууда жардам берүү.
    • Клинингдик кызматтарды издөө жана буйрутма берүү.
    • Химтазалоо жана башка тиричилик кызматтары.
    • Авариялык учурларда кулпуларды ачуу.
  4. Башка кызматтар:
    • Окуялардын жарыянаамасы: концерттер, спорттук иш-чаралар, фестивалдар ж.б.
    • Ар кандай көңүл ачуу иш-чараларынын ырааттамасы.
    • Дүйнө жүзүндөгү отель бөлмөлөрүнө/жатакана варианттарына буйрутма берүү жана ээлемдөө.
    • Көңүл ачуу комплекстеринде жана ресторандарда орундарга буйрутма кылуу.
    • Ар кандай дүйнөлүк, анын ичинде спорттук окуялардын жыйынтыктары.
    • Кардардын сурамы боюнча ар кандай иш-чараларды уюштурууда сунуштар жана жардамдар.
    • Идеялар жана белектерге буйрутма берүү.
    • Аниматордун, алып баруучунун, чакырылуучу жылдыздардын кызматына буйрутма берүү.
    • Кардардын атынан дүйнө жүзү боюнча товарларды издөө, сатып алуу жана жеткирүү.
    • Кардардан шопер кызматтары.
    • Кыргызстандын мыйзамдарына, ошондой эле мораль ченемдерине каршы келбеген башка сурамдар.

Консьерж кызматы канча турат?

Бул Visa Platinum, Visa Signature жана Visa Infinite карта ээлери үчүн акысыз кызмат. Сиз кызмат аркылуу буйрутма берилген товарлар менен кызматтарга гана төлөйсүз. Башка карталардын ээлери үчүн бул кызмат жеткиликтүү эмес.

Консьерж кызматын колдонууга кандай чектөөлөр бар?

Сиз мыйзам жана moral ченемдерине каршы келбеген бардык сурамдарды калтырсаңыз болот.

Консьерж кызматына байланыштуу болбогон себептерден улам кээ бир тапшырмаларды аткаруу мүмкүн эмес болушу мүмкүн. Бул учурда сизге альтернативдүү чечим сунушталат.