Visa премиум карталары менен жүктөрдү акысыз таңгактоо кызматынан пайдаланыңыз | Visa

Visa менен комфорт жана премиалдык артыкчылыктар менен саякаттаңыз

Visa премиум карталары менен жүктөрдү акысыз таңгактоо кызматынан пайдаланыңыз

Эми саякатка чыгардын алдында сиздин тапшырмалар тизмеңизде бир тапшырма азаят, анткени Visa премиум карталары менен эми сизге Бишкек шаарындагы «Манас» Эл аралык аэропортунда багажды акысыз таңгактоо кызматы жеткиликтүү.

Акысыз таңгактоо жүргүзүү үчүн сиз:

  1. Манас эл аралык аэропортундагы эл аралык каттамдар үчүн каттоо зонасындагы экинчи кабаттагы жүктү таңгактоо стойкасына барышыңыз керек.
  2. Кызматкерге сиздин Visa Platinum, Visa Platinum Business, Visa Signature, Visa Signature Business же Visa Infinite премиум картаңызды көрсөтүп, кызматтан пайдалангыңыз келерин айтыңыз.
  3. Карта валидатор терминалы аркылуу текшерилип, акысыз таңгактоолор жеткиликтүү экендиги аныкталат.

Календардык жыл ичинде акысыз таңгактоолордун саны:

Бул сунуш Visa Platinum, Visa Signature жана Visa Infinite карталары үчүн жарактуу, алар Кыргызстанда же Өзбекстанда, Казакстанда, Тажикстанда, Азербайжанда, Грузияда, Беларусияда, Украинада, Сербияда, Молдовада, Түркмөнстанда, Түндүк Македонияда, Албанияда, Босния жана Герцеговинада, Косоводо, Черногорияда жана Арменияда чыгарылган, активдүү жана мөөнөтү өтпөгөн карталарга тиешелүү.

POS-терминалда ката чыкса, кызмат көрсөтүүдөн баш тартылышы мүмкүн.

Премиум Visa карталары менен ар бир рейсти ырахаттаңыз!

Visa премиум карталары менен саякаттоодо кошумча кызматтар жана сервистер сиз үчүн ар дайым жеткиликтүү.

Visa'га саякатыңызды ыңгайлуураак кылууга мүмкүндүк бериңиз!

DragonPass лаунждарына акысыз кирүү

Кененирээк

Саякаттоо учурунда толук эл аралык камсыздандыруу

Кененирээк

Пайдалануу шарттары жөнүндө суроолор жана жооптор

Акция кайсы карталарга карата колдонулат?

Сунуш Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Азербайжан, Грузия, Беларусь, Украина, Сербия, Молдова, Түркмөнстан, Түндүк Македония, Албания, Босния жана Герцеговина, Косово, Черногория жана Армения банктары тарабынан чыгарылган, активдүү жана мөөнөтү бүтө элек Visa Platinum Business, Visa Signature жана Visa Infinite карталары үчүн жеткиликтүү.

Канча даана жүктү таңгактоого болот?

Visa Platinum карта ээлери 1 календардык жыл ичинде 2 даана жүктү таңгактай алышат.

Visa Signature карта ээлери — 1 календардык жыл ичинде 4 даана жүктү.

Visa Infinite карта ээлери — 1 календардык жыл ішінде 6 даана жүктү.

Жүктү таңгактоо артыкчылыгы үчүн убакыт чектелгенби?

Сунуш акысыз таңгактоо мөөнөтү аяктаганга чейин жарактуу. Сунуштун даталары узартылышы мүмкүн же сунуш Visa'нын чечими боюнча алдын ала эскертүүсүз токтотулушу мүмкүн.

Жүктөрдү акысыз таңгактоо кызматынан кайда пайдаланууга болот?

Жүктөрдү таңгактоо столу Бишкектеги «Манас» эл аралык аэропортунун экинчи кабатындагы эл аралык каттамдарды каттоо аймагында жайгашкан.

Жүктөрдү акысыз таңгактоо кызматынан кантип пайдаланууга болот?

Сиз жүктөрдү таңгактоо столунда Visa Platinum, Visa Signature же Visa Infinite картаңызды көрсөтүп, кызматкерге бул кызматтан пайдаланууну каалаарыңызды билдиришиңиз керек. Картаңызды көрсөткөндөн кийин, валидациялык терминалдын жардамы менен акысыз таңгактоо саны жетиштүү экендиги текшерилет. Эгерде картаңыз активдүү болуп жана акысыз таңгактоо кызматы жеткиликтүү болсо, столдун кызматкери кызматты акысыз көрсөтөт. Болбосо – кызматка төлөөнү сунуштайт.

Дароо 2 чемоданды таңгактоого болобу?

Ооба, ар бир таңгактоонун алдында валидация ийгиликтүү өтсө.